Октябрь айындагы программага Абхазия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Осетиядан журналисттер, блогерлер, SMM жана PR адистери катышты.
https://sputnik.kg/20261016/sputnik-pro-dolboorunun-akyrky-modulu-1104346229.html
ЖИ, контент жайылтуу, согуш талаасындагы иш: Sputnik Pro долбоорунун акыркы модулу
ЖИ, контент жайылтуу, согуш талаасындагы иш: Sputnik Pro долбоорунун акыркы модулу
Sputnik Кыргызстан
Октябрь айындагы программага Абхазия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Осетиядан журналисттер, блогерлер, SMM жана PR адистери... 16.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-16T20:04+0600
2026-10-16T20:04+0600
2026-10-18T11:29+0600
дүйнөдө
россия
москва
sputnikpro
жасалма интеллект
журналист
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/10/1104345109_0:175:3021:1874_1920x0_80_0_0_09647f95696c3d76a2385b4b93f3057c.jpg
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Москва шаарында 12-октябрдан 16-октябрга чейин "Россия сегодня" медиатобунун башкы кеңсесинде "Sputnik Pro на Зубовском" долбоорунун быйылкы жылдагы акыркы модулу өттү. Делегаттар бир жума бою лекцияларды угуп, заманбап медиадагы тренддерге арналган мастер-класстарга катышты. Алардын катарында ар кандай платформаларда контент түзүү жана жайылтуу, Telegram каналын, медиамониторинг жүргүзүүнүн принциптери тууралуу темалар камтылды. Азыркы учурда жасалма нейрон тармактары менен иштөө темасы камтылбаган модуль жок. Көп учурда дал ушул жасалма интеллект катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратат. 16-модулдун алкагында медиатармагынын ар кандай адистери менен бир катар жолугушуулар өттү. Маселен, катышуучулар аскердик кабарчы менен баарлашып, куралдуу кагылышуулар болуп жаткан аймактарда иштөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле "Диалог" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун жана Фактчекинг боюнча эл аралык ассоциациянын чакырылган баяндамачылары туура эмес маалымат жайылтуунун учурдагы тенденциялары жөнүндө айтып беришти. Программанын коногу россиялык саясатчы жана коомдук ишмер Мария Бутина болду. Ал камакка алынышы жана АКШнын түрмөсү, ошондой эле улуттар аралык диалогдогу азыркы кыйынчылыктар жөнүндө айтып берди. Белгилей кетсек, "Sputnik Pro на Зубовском" лекциялардын курсу гана эмес, тажрыйба алмашуу жана жаңы кесиптик байланыштарды түзүү үчүн да аянтча болуп саналат. "Азыр биз баарлашууну улантуу, тажрыйба алмашуу жана бири-бирибизге жардам берүү үчүн атайын чат да түздүк", — деди Түштүк Осетиядан келген катышуучу Олег Плиев. Анын кесиптеши Донна Дудаева да бул пикирди колдойт. "Мындан ары да байланышта болуп, жумуш маселелери боюнча да пикир алышып турабыз деп үмүттөнөм", — деди ал. Модуль учурунда катышуучуларга маданий программага да убакыт бөлүндү. Айрымдар дал ушул долбоордун арты менен Москваны биринчи жолу көрүп отурат. "Sputnik Pro на Зубовском" — КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн жакынкы чет өлкөлөрдөгү жана Балтика мамлекеттериндеги мультимедиалык борборлор дирекциясынын долбоору. Программа 2023-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул убакыт аралыгында 16 модуль уюштурулуп, аларга жакынкы чет өлкөлөрдөгү 11 мамлекеттен 192 адам катышты.
https://sputnik.kg/20260925/sputnik-pro-dolboorunun-15-modulu-1103909853.html
москва
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
252
60
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
252
60
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
252
60
1920
1080
true
1920
1440
true
1920
1920
true
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
252
60
Sputnik Кыргызстан
дүйнөдө, россия, москва, sputnikpro, жасалма интеллект, журналист
дүйнөдө, россия, москва, sputnikpro, жасалма интеллект, журналист
20:04 16.10.2026 (Жаңыртылды: 11:29 18.10.2026)
Жазылуу
Октябрь айындагы программага Абхазия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Осетиядан журналисттер, блогерлер, SMM жана PR адистери катышты.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Москва шаарында 12-октябрдан 16-октябрга чейин "Россия сегодня" медиатобунун башкы кеңсесинде "Sputnik Pro на Зубовском" долбоорунун быйылкы жылдагы акыркы модулу өттү.
Делегаттар бир жума бою лекцияларды угуп, заманбап медиадагы тренддерге арналган мастер-класстарга катышты. Алардын катарында ар кандай платформаларда контент түзүү жана жайылтуу, Telegram каналын, медиамониторинг жүргүзүүнүн принциптери тууралуу темалар камтылды.
© Sputnik / Mikhail Bogachev
Октябрь айындагы программага Абхазия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Осетиядан журналисттер, блогерлер, SMM жана PR адистери катышты

1/5
Октябрь айындагы программага Абхазия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Осетиядан журналисттер, блогерлер, SMM жана PR адистери катышты
© Sputnik
Катышуучулар бир жума бою лекцияларды угуп, заманбап медиадагы тренддерге арналган мастер-класстарга катышты

2/5
Катышуучулар бир жума бою лекцияларды угуп, заманбап медиадагы тренддерге арналган мастер-класстарга катышты
© Sputnik / Maria Devakhina
Ар кандай платформаларда контент түзүү жана жайылтуу, Telegram каналын, медиамониторинг жүргүзүүнүн принциптери тууралуу темалар камтылды

3/5
Ар кандай платформаларда контент түзүү жана жайылтуу, Telegram каналын, медиамониторинг жүргүзүүнүн принциптери тууралуу темалар камтылды
© Sputnik / VITALIY BELOUSOV
Программанын коногу россиялык саясатчы жана коомдук ишмер Мария Бутина камакка алынышы жана АКШнын түрмөсү, ошондой эле улуттар аралык диалогдогу азыркы кыйынчылыктар жөнүндө айтып берди

4/5
Программанын коногу россиялык саясатчы жана коомдук ишмер Мария Бутина камакка алынышы жана АКШнын түрмөсү, ошондой эле улуттар аралык диалогдогу азыркы кыйынчылыктар жөнүндө айтып берди
© Sputnik / Mikhail Bogachev
16-модулдун алкагында медиатармагынын ар кандай адистери менен бир катар жолугушуулар өттү

5/5
16-модулдун алкагында медиатармагынын ар кандай адистери менен бир катар жолугушуулар өттү
1/5
Октябрь айындагы программага Абхазия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Осетиядан журналисттер, блогерлер, SMM жана PR адистери катышты
2/5
Катышуучулар бир жума бою лекцияларды угуп, заманбап медиадагы тренддерге арналган мастер-класстарга катышты
3/5
Ар кандай платформаларда контент түзүү жана жайылтуу, Telegram каналын, медиамониторинг жүргүзүүнүн принциптери тууралуу темалар камтылды
4/5
Программанын коногу россиялык саясатчы жана коомдук ишмер Мария Бутина камакка алынышы жана АКШнын түрмөсү, ошондой эле улуттар аралык диалогдогу азыркы кыйынчылыктар жөнүндө айтып берди
5/5
16-модулдун алкагында медиатармагынын ар кандай адистери менен бир катар жолугушуулар өттү
Азыркы учурда жасалма нейрон тармактары менен иштөө темасы камтылбаган модуль жок. Көп учурда дал ушул жасалма интеллект катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратат.
"Фактчекинг жана жасалма интеллект тууралуу лекциялар мага абдан жакты. Лекторлордун бардык кеңештерин, айрыкча жаңылыктарды даярдоодо колдонууга аракет кылам. Мисалы, жасалма интеллектинин жардамы менен окурмандын көңүлүн бура турган кызыктуу темаларды ойлоп табууга болот", — деди Sputnik агенттигине Казакстандан келген катышуучу Аида Ыскакова.
16-модулдун алкагында медиатармагынын ар кандай адистери менен бир катар жолугушуулар өттү. Маселен, катышуучулар аскердик кабарчы менен баарлашып, куралдуу кагылышуулар болуп жаткан аймактарда иштөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле "Диалог" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун жана Фактчекинг боюнча эл аралык ассоциациянын чакырылган баяндамачылары туура эмес маалымат жайылтуунун учурдагы тенденциялары жөнүндө айтып беришти.
Программанын коногу россиялык саясатчы жана коомдук ишмер Мария Бутина болду. Ал камакка алынышы жана АКШнын түрмөсү, ошондой эле улуттар аралык диалогдогу азыркы кыйынчылыктар жөнүндө айтып берди.
Белгилей кетсек, "Sputnik Pro на Зубовском" лекциялардын курсу гана эмес, тажрыйба алмашуу жана жаңы кесиптик байланыштарды түзүү үчүн да аянтча болуп саналат.
"Азыр биз баарлашууну улантуу, тажрыйба алмашуу жана бири-бирибизге жардам берүү үчүн атайын чат да түздүк", — деди Түштүк Осетиядан келген катышуучу Олег Плиев.
Анын кесиптеши Донна Дудаева да бул пикирди колдойт.
"Мындан ары да байланышта болуп, жумуш маселелери боюнча да пикир алышып турабыз деп үмүттөнөм", — деди ал.
Модуль учурунда катышуучуларга маданий программага да убакыт бөлүндү. Айрымдар дал ушул долбоордун арты менен Москваны биринчи жолу көрүп отурат.
"Иш-чаранын кандай уюштурулганын өзгөчө белгилегим келет. Бизге кам көрүлүп жатканы сезилип турат. Мисалы, Москвадагы негизги маданий жайларга кантип жетүү керектиги көрсөтүлгөн карта даярдап беришти. Бул абдан жардам берет. Мен Москвага биринчи жолу келдим. Кызыл аянтты, Эски Арбатты көрүп жетиштим", — деди Өзбекстандан келген катышуучу Ситора Примова.
"Sputnik Pro на Зубовском" — КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн жакынкы чет өлкөлөрдөгү жана Балтика мамлекеттериндеги мультимедиалык борборлор дирекциясынын долбоору. Программа 2023-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул убакыт аралыгында 16 модуль уюштурулуп, аларга жакынкы чет өлкөлөрдөгү 11 мамлекеттен 192 адам катышты.
| # | Наименование новости | Тональность | Информативность | Дата публикации |
|---|---|---|---|---|
| 1 | ИИ, продвижение контента, работа в горячих точках: о финальном в 2026 году Sputnik Pro | 0 | 13.68 | 16-10-2026 |
| 2 | Москвада SputnikPro долбоорунда ЖИ менен майнаптуу иштөөнү үйрөнүштү. Видео | 0 | 9.27 | 17-10-2026 |
| 3 | Ҳашыг еиҭеиҳәеит ҳаамҭазтәи ажурналистика 30-тәи аиубилеитә форум амҩаԥысшьа атәы | 0 | 5.98 | 02-09-2026 |
| 4 | Sputnik АҳәынҭДумахь алхрақәа ажәабжьқәа азнархиалоит Урыстәыла Ацҳаражәҳәарҭа ацхыраарала | 0 | 12.07 | 14-09-2026 |
| 5 | В Северной Осетии детей научат азам журналистики | 0 | 0 | 15-04-2025 |
| 6 | Участники премии "Шум" посетят Северную Осетию, Московскую и Челябинскую области | 0 | 0 | 08-07-2025 |
| 7 | МИД Белоруссии проведет переаккредитацию работающих в стране иностранных СМИ | 0 | 0 | 02-10-2020 |
| 8 | Первые Международные космические игры пройдут в Москве | 0 | 11.34 | 24-09-2026 |
| 9 | Журналисты и блогеры СКФО пройдут обучение на семинаре по межнациональным отношениям | 0 | 0 | 22-10-2020 |