Вход на сайт

Просмотр новости

Найдите то, что Вас интересует

Цирктин жаңы директору жамаатка тааныштырылды. Ал жөнүндө эмне белгилүү?

Дата публикации: 14-10-2026 13:37:54

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы директору болуп буга чейин Almaty Theatre театрын жетектеп келген Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды.

Основное содержимое страницы с новостью.

https://sputnik.kg/20261014/kyrgyz-gostsirk-jany-direktor-taanyshtyryldy-kim-al-1104294924.html

Цирктин жаңы директору жамаатка тааныштырылды. Ал жөнүндө эмне белгилүү?

Цирктин жаңы директору жамаатка тааныштырылды. Ал жөнүндө эмне белгилүү?

Sputnik Кыргызстан

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы директору болуп буга чейин Almaty Theatre театрын жетектеп келген... 14.10.2026, Sputnik Кыргызстан

2026-10-14T19:37+0600

2026-10-14T19:37+0600

2026-10-15T09:47+0600

кыргызстан

бишкек

цирк

дайындоо

директор

өмүр баяны

https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0e/1104291997_0:20:1169:677_1920x0_80_0_0_9b0aebe8df16beaf7c10d8f041250a7f.jpg

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы директору болуп буга чейин Almaty Theatre театрын жетектеп келген Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды.Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов жаңы жетекчини цирктин жамаатына тааныштырышты.Мамбеталиев цирк өнөрүн мындан ары өнүктүрүү, чыгармачыл жамаатты колдоо жана көрүүчүлөргө тартууланган программалардын сапатын көтөрүү өтө маанилүү экенин белгиледи. Министр ошондой эле мекеменин чыгармачылык дараметин ачуу, ишке жаңы ыкмаларды киргизүү жана эл аралык маданий кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын айтып, жаңы жетекчинин ишине ийгилик каалады.Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров цирктин жаңы директоруна мекеменин ишин жолго коюу, тартипти чыңдоо, жамааттагы ынтымакты калыбына келтирүү жана оюн-зоок программаларын кеңейтүү боюнча тапшырма берген болчу.Нурлан Конокбаев тууралуу маалымат:Нурлан Конокбаев — балет артисттеринин эл аралык сынактарынын бир нече жолку лауреаты. Ал Сеул, Астана, Пермь, Сочи жана Донецк шаарларындагы сынактарда алтын, күмүш жана коло байгелерди уткан. 2010-жылы "Кыргызстанда балет өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын алтын диплому менен сыйланган. Ал карьерасында бир катар ири эл аралык маданий долбоорлорду, анын ичинде дүйнөлүк театрлардын алдыңкы артисттеринин катышуусундагы коюлмаларды жана жаш таланттарды колдоо демилгелерин уюштурган.

https://sputnik.kg/20250718/tsirk-zhanybar-satyk-madaniyat-zharyya-1095399139.html

бишкек

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

252

60

2026

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

252

60

Жаңылыктар

kg_KG

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

252

60

1920

1080

true

1920

1440

true

https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0e/1104291997_0:93:1168:969_1920x0_80_0_0_2de8678f1a2a60124b57981692467155.jpg

1920

1920

true

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

252

60

Sputnik Кыргызстан

кыргызстан, бишкек, цирк, дайындоо, директор, өмүр баяны

кыргызстан, бишкек, цирк, дайындоо, директор, өмүр баяны

Цирктин жаңы директору жамаатка тааныштырылды. Ал жөнүндө эмне белгилүү?

19:37 14.10.2026 (Жаңыртылды: 09:47 15.10.2026)

Жазылуу

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы директору болуп буга чейин Almaty Theatre театрын жетектеп келген Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды.

Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов жаңы жетекчини цирктин жамаатына тааныштырышты.

Мамбеталиев цирк өнөрүн мындан ары өнүктүрүү, чыгармачыл жамаатты колдоо жана көрүүчүлөргө тартууланган программалардын сапатын көтөрүү өтө маанилүү экенин белгиледи. Министр ошондой эле мекеменин чыгармачылык дараметин ачуу, ишке жаңы ыкмаларды киргизүү жана эл аралык маданий кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын айтып, жаңы жетекчинин ишине ийгилик каалады.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров цирктин жаңы директоруна мекеменин ишин жолго коюу, тартипти чыңдоо, жамааттагы ынтымакты калыбына келтирүү жана оюн-зоок программаларын кеңейтүү боюнча тапшырма берген болчу.

Нурлан Конокбаев тууралуу маалымат:

1985-жылы 6-августта Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 2003-жылы Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайын, ал эми 2009-жылы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын режиссер-хореограф адистиги боюнча бүтүргөн;

чыгармачылыгын 2001-жылы "Ак-Марал" мамлекеттик бий ансамблинде баштаган. 2003–2004-жылдары Казакстандын Мамлекеттик академиялык бий театрынын солисти, ал эми 2004–2006-жылдары Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чакырылган башкы солисти болуп эмгектенген;

2006-жылдан 2018-жылга чейин Абай атындагы Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын балет боюнча башкы солисти болгон. Муну менен катар, 2008–2011-жылдары Казакстандын "Салтанат" мамлекеттик бий ансамблинин чакырылган башкы артисти катары чыгып турган;

2012-жылы эл аралык гастролдорду, балет спектаклдерин, фестивалдарды жана гала-концерттерди уюштурган Konokbaev Group компаниясын негиздеген. 2019-жылы АКШда эл аралык маданий долбоорлорго адистешкен AlanBars Group LLC компаниясын түзгөн;

2024-жылдын декабрынан бери Алматы шаарындагы Almaty Theatre театрынын директору болуп иштеп келген.

Нурлан Конокбаев — балет артисттеринин эл аралык сынактарынын бир нече жолку лауреаты. Ал Сеул, Астана, Пермь, Сочи жана Донецк шаарларындагы сынактарда алтын, күмүш жана коло байгелерди уткан. 2010-жылы "Кыргызстанда балет өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын алтын диплому менен сыйланган. Ал карьерасында бир катар ири эл аралык маданий долбоорлорду, анын ичинде дүйнөлүк театрлардын алдыңкы артисттеринин катышуусундагы коюлмаларды жана жаш таланттарды колдоо демилгелерин уюштурган.

Бишкек шаарындагы цирктин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2025

18 Теке 2025, 18:40

Схожие новости

#Наименование новостиТональностьИнформативностьДата публикации
1Нового директора Кыргызского госцирка представили коллективу — что о нем известно08.414-10-2026
2И. о. гендиректора ЦЭНКИ назначили Руслана Мухамеджанова0027-11-2020
3Новый премьер Киргизии Жапаров назначил главой МВД Улана Ниязбекова0011-10-2020
4Названо имя нового директора РАМТа09.2828-08-2026
5Сакен Мусайбеков стал гендиректором хоккейного клуба "Барыс"0017-06-2025
6Директором Волковского театра в Ярославле назначили экс-директора "Театра Луны"0023-01-2020
7В Ярославле нового директора Театра им. Ф. Волкова представили коллективу0018-08-2022
8Уволен директор Театра им. Волкова0005-07-2019
9В Казахстане назначили нового главу госфонда "Самрук-Казына"0003-04-2023

Классификация: Культура. Схожих патентов: 0. Схожих новостей: 9. Тональность: 0. Информативность: 8.71. Источник: sputnik.kg.